Садыр Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылды
Президент Садыр Жапаров дүйнө мамлекеттеринин башчыларына кайрылып, алдыда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды. 3-июнда БУУда Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу эмес мүчөсү шайланат. Азия-Тынч океан аймагынан кеңештеги бир орун үчүн Кыргызстан менен Филиппин ат салышууда.
Президент кайрылуусунда Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берерин жана аны "жогорулаган жоопкерчилик" катары карарын билдирди.
Ал Кыргызстандын талапкерлиги Борбор Азия мамлекеттеринин бир добуштан колдоосуна ээ болгонун айтып, бул кыргыз тараптын Коопсуздук кеңешинде мамлекеттердин кеңири чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын эске алган позиция менен чыгууга даярдыгын тастыктай турганын белгиледи.
"Биздин өлкө башка алтымыш мамлекет менен бир катарда Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эмес, ал эми биздин атаандашыбыз — Филиппин — буга чейин кеңештин курамына төрт жолу шайланган. Кыргызстандын шайланышы дүйнөлүк коомчулуктун тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана бардык өлкөлөргө БУУнун алдыңкы органына шайланууга тең укуктуулукту камсыз кылууга болгон саясий эркинин далили болот", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле ал Кыргызстан Коопсуздук кеңеши өзүнүн баштапкы функциясына, анын ичинде чыр-чатактардын алдын алууга негизделген чечимдерди иштеп чыгууга кайтып келиши зарыл деп эсептей турганын кошумчалады.
"Шайланган учурда, биз Коопсуздук Кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жана ачыктыгын андан ары жогорулатууга, глобалдык чакырыктарды жана коркунучтарды чечүү боюнча эл аралык коомчулуктун жамааттык аракеттерине татыктуу салым кошууга убада беребиз", - деди Жапаров.