Өлкөдө 6 жылдын аралыгында таштандынын көлөмү 57%га өсүп, 1,6 млн тоннага жетти
Кыргызстанда катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу көлөмү 2018-жылдагы 1047,8 миң тоннадан 2024-жылы 1 646,5 миң тоннага чейин көбөйгөн — өсүү 57%ды түздү. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин «КРнын жашыл экономикасынын көрсөткүчтөрү» аттуу басылмасында камтылды.
Өсүү дээрлик бардык аймактарда катталып, урбанизациянын жогорулашын жана калдыктарды чогултуу системаларынын өнүгүшүн чагылдырат.
Калктын жан башына туура келген таштандынын эң көп көлөмү Ысык-Көл облусунда — бир адамга 372 миң килограммдан ашык жана Талас облусунда — 50,9 миң кг катталган. Мындай жогорку көрсөткүчтөрдү тоо-кен ишканаларынын активдүү иши менен түшүндүрүлөт. Бишкек жана Ош шаарларында кырдаал кыйла айырмаланат: борбор калаада жан башына туура келген таштандынын деңгээли жылына болжол менен 120 килограммды түзөт.
Улуттук статистика комитети калдыктардын пайда болуу көрсөткүчү өзгөрүлмөлүү экенин жана аймактар арасында олуттуу айырмачылыктар бар экенин белгилейт. Мекеме таштандынын көлөмүнүн өсүш маселеси ресурстарды кайра иштетүүнү жана кайра колдонууну караган «циркулярдык» экономика моделине өтүүнү талап кыларын баса белгилейт.