Кыргызстанда 100 миңден ашуун адам жумушсуз катары каттоодо турат
21.05.26 | 10:32
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны 104 700 адамды, ал эми жумушсуздуктун жалпы деңгээли 3,7% түздү. Бул алты жыл мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,1 пайызга аз.
2023-жылы 109 миң жумуш орду түзүлгөн болсо, 2024-жылы 263 миң, ал эми 2025-жылы 274 миң жумуш орду түзүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги буга чейин өлкөдө иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турганын маалымдаган.
Редактор
Редактор
Поделиться: