Камчыбек Ташиев фигурант болгон иш боюнча сот отуруму жылдырылды
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча сот отуруму болбой калды. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов соттун жылып кетишине кээ бир айыпталуучулар материалдар менен толук таанышып бүтпөгөнү, ошондой эле айрым жактоочулар тергөө тарабынан ишке тиркелген далилдер боюнча токтомго даттанышканы себеп болгонун айтты.
Мындан сырткары, райондук соттун баштапкы соттук угуу боюнча токтомуна каршы жактоочулар Бишкек шаардык сотуна арыз жазган. Мындан улам алардын арызы Бишкек шаардык сотунда башка күнү каралат.
Бүгүн Курсан Асанов менен Аалы Карашев алып келинди. Калган айыпталуучуларды байкоого мүмкүн болгон жок. Ички иштер министрлиги кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө.
Жактоочу Айткулов Камчыбек Ташиев соттук отурумдарга келерин, бүгүнкү жараян кийинкиге жылдырылгандыктан келбегенин айтты.