Самокатты эми мурдагыдай учуруп айдоого мүмкүн болбой калды
22.05.26 | 10:15
Борбор калаада ижарага берилген самокаттардын ылдамдыгын эми саатына 15 чакырымдан ашырууга болбой калды. Бул тууралуу Спутник агенттиги жазып чыкты.
Окурман билдиргендей, бүгүн эртең менен эки компаниянын электр чыгырыктары айтылган ылдамдык менен жүрө баштаган.
Буга чейин шаар бийлиги самокаттардын эң жогорку ылдамдыгын азайтууну чечкен, тагыраагы, мурда саатына 25 чакырым жүсө, эми ал 15 чакырымга түштү.
Редактор
Редактор
Поделиться: