Жарнама

Кантта жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үч киши жаракат алды

22.05.26 | 10:26
Кантта жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үч киши жаракат алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кант шаарында болгон жол кырсыгынан бир адам каза болгонун билдирди.

Облустук милициянын маалыматында 21-майда саат 23:53 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун Кант шаарында жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып саат 22:45 чамасында Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү машиненин 29 жаштагы айдоочусу түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, Күрөңкеев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактан түз өтүп кетип, Ленин көчөсүндө жайгашкан тиш дарылоочу жайды сүзгөнүн тактаган.

Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын айдоочусу (А.А.), жүргүнчүлөрү (1998-жылы туулган Н.А. жана 2004-жылы туулган А.К.) ар кандай жаракат алып Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген. Дагы бир жабырлануучу (1998-жылы туулган К.Ф.) кырсык болгон жерде каза болгон.

Ушул тапта бардык зарыл экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча