Жарнама

Кыргызстанда педофилдердин тизмеси түзүлөт

22.05.26 | 11:05
Кыргызстанда педофилдердин тизмеси түзүлөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштарга тиешеси бар адамдардын реестри пайда болот. Бул тууралуу 22-майда өткөн брифингде Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Данияр Сапарбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери түрдүү бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөн.

«Буга чейин мындай кылмыштарга же укук бузууларга байланыштуу жоопкерчиликке тартылган адамдардын реестрин түзүү боюнча иштер жүрүп келген. Бул маалымат базасы өлкөбүздө биринчи жолу түзүлүүдө. Аталган реестр, биринчи кезекте, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн керек», - деп түшүндүрдү Сапарбаев.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча