Кыргызстанда педофилдердин тизмеси түзүлөт
22.05.26 | 11:05
Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштарга тиешеси бар адамдардын реестри пайда болот. Бул тууралуу 22-майда өткөн брифингде Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Данияр Сапарбаев билдирди.
Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын башынан бери түрдүү бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлгөн.
«Буга чейин мындай кылмыштарга же укук бузууларга байланыштуу жоопкерчиликке тартылган адамдардын реестрин түзүү боюнча иштер жүрүп келген. Бул маалымат базасы өлкөбүздө биринчи жолу түзүлүүдө. Аталган реестр, биринчи кезекте, алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн керек», - деп түшүндүрдү Сапарбаев.
Редактор
Редактор
Поделиться: