Жарнама

Быйыл Бишкекке жаңы автобустардын бир бөлүгү кондиционер менен алып келинет

22.05.26 | 11:49
Быйыл Бишкекке жаңы автобустардын бир бөлүгү кондиционер менен алып келинет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарына быйыл кондиционери бар 200гө жакын автобус алып келүү пландалууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев кабарчылар менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде жалпы 500гө жакын автобус сатып алуу каралган. Бирок алардын барын кондиционери менен алуу кыйын болуп жатат, себеби сунушталган баалар жогору.

Мэр ошондой эле автобустар заводдо жасалып баштаганда эле кондиционер орнотулбаса, кийин кошулган жабдуунун натыйжалуулугу төмөн болорун белгиледи.

Ошого карабастан, эки компания менен сүйлөшүүлөр уланууда. Алардын бири автобустарды тез арада кондиционери менен чыгарууга даяр экенин билдирсе, экинчиси — “Zhongtong” компаниясы — жогорку баа сунуштап жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча