Жарнама

«Газпром Кыргызстан» карызы бар абоненттерине газ берүү токтотулат

23.05.26 | 13:19
«Газпром Кыргызстан» карызы бар абоненттерине газ берүү токтотулат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2026-жылдын 1-июнунан тартып «Газпром Кыргызстан» компаниясынын керектелген жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерине газ берүү чектелет.

Жаратылыш газын жеткирүү келишиминин шарттарына ылайык, компания керектелген газ үчүн карызы бар абоненттерге газ берүүнү убактылуу токтотууга укуктуу.

Газ берүү карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин үч иш күндүн ичинде акы төлөнүүчү негизде кайра жандандырылат.

Газдын өчүрүлүшүн жана кошумча чыгымдарды болтурбоо максатында, «Газпром Кыргызстан» компаниясы абоненттерден 2026-жылдын 1-июнуна чейин болгон карыздарын жабууну суранат.

Карыздын суммасын төмөнкү жерлерден тактоого болот:

• ай сайын келген эсеп-дүмүрчөктөн;

• gazprom.kg сайтындагы жеке кабинеттен;

• «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемесинен;

• «Мой Дом» мобилдик тиркемесинен.

Газ менен камсыздоо кызматы үчүн төлөмдөр компаниянын филиалдарында, ошондой эле электрондук капчыктар жана банкттардын мобилдик тиркемелери аркылуу кабыл алынат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча