Жарнама

Кыргызстанда Starlink спутник интернети ишке кирди

25.05.26 | 09:04
Кыргызстанда Starlink спутник интернети ишке кирди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда Starlink компаниясынын спутник интернет кызматы иштей баштады.

Starlink сайтындагы дүйнөлүк картада Кыргызстандын аймагы активдешти. Мындан тышкары, сайтта «Кыргызстан» баракчасы кыргыз жана орус тилдеринде ачылып, анда тармак жана кардарлар ала турган кызматтар тууралуу маалыматтар берилген.

Starlink — бул Илон Масктын «SpaceX» компаниясы түзгөн глобалдык спутник интернет системасы. Ал төмөнкү орбиталык спутниктердин желеси аркылуу алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарды жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылат.

Терминал спутниктер менен автоматтык түрдө байланышып, 50дөн 220 Мбит/с чейинки жүктөө ылдамдыгын камсыздайт. Комплектинин курамына антенна (тарелка), роутер жана кабелдер кирет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча