Кыргызстандагы жеке мектептерде 110 миң бала билим алат
25.05.26 | 11:37
Кыргызстандагы жеке менчик мектептерде өлкөдөгү мектеп курагындагы балдардын 11%ы окуйт. Бул тууралуу "Баа түзүү жөнүндө" парламенттик угууда “Жеке менчик мектептердин ассоциациясынын” жетекчиси Назира Молдобаева билдирди.
Анын айтымныда, азыр өлкөдө 325 жеке мектеп бар. Аларда 110 мин бала билим алат. Бул өлкөдөгү балдардын 11%ын түзөт.
Жеке мектептерде иштеген кызматкерлердин саны 18 миңден ашат. Алардын ичинде мугалимдер, техникалык персоналдар бар.
Редактор
Редактор
Поделиться: