Кыргызстанда Starlink интернети алгачкы жолу бийик тоолуу мектепке туташтырылды
Starlink спутник интернети Кыргызстандын аймагында жеткиликтүү боло баштады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев видеоконференция режиминде Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепте жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернеттин ишин расмий түрдө баштап бергенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин интернет тартпаган Эңилчек айылындагы мектеп Starlink спутниктик системасы аркылуу кошулган өлкөдөгү биринчи социалдык объект болуп калды. Практикалык колдоо катары өкмөт башчы мектепке беш заманбап компьютер тапшырды.
"Учурда өлкөдө интернетке кошула элек алты гана мектеп бар. Алардын сапаттуу жана туруктуу байланышын камсыз кылуу маселеси жакынкы аралыкта чечилет", — деди Касымалиев.
Өлкө аймагында жергиликтүү өнөктөш катары "ЭлКат" ЖЧКсы чыкты.
"Бүгүнкү күндө долбоорду ишке киргизүү үчүн мамлекет тарабынан белгиленген бардык техникалык жана юридикалык талаптарды аткарган компания SpaceX болуп саналат. Долбоор бир провайдер менен чектелбейт. Спутниктик интернет-кызматтарын көрсөткөн жана мамлекеттик коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берген ар кандай технологиялык компания республиканын аймагында долбоорду ишке ашырууга катышууга арыз берүүгө укуктуу", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек. 23-майдан тарта Кыргызстан starlink.com глобалдык картасындагы активдүү камтуу зонасында расмий пайда болду.