Жарнама

Эми жашы жете элекке ата-эненин бирөөсү гана жарандык паспорт алуу үчүн арыз берсе болот

25.05.26 | 14:46
Эми жашы жете элекке ата-эненин бирөөсү гана жарандык паспорт алуу үчүн арыз берсе болот КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, документ 16 жашка чейинки кыргызстандыктар үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында кабыл алынды.

Мыйзам менен «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын 43-беренеси жаңы редакцияда бекитилди. Ага ылайык:

– Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту берүү ата-эненин экөөнүн тең макулдугу болгондо жүргүзүлөт. Ата-эненин биринин өтүнүчү болбогондо жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт;

– Кыргызстанда туруктуу жашаган жарандарга паспорт кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми өлкөдөн сырткары жашагандарга — дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер берет;

– 16 жашка чейинки балага жалпы жарандык паспортту дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдуктар эки ата-эненин макулдугу болгондо гана беришет. Ата-энесинин биринин өтүнүчү жок болгон учурда, паспорт соттун чечиминин негизинде таризделет;

– Министрлер кабинети өлкөнүн аймагында же айрым жергесинде өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал же согуш абалы киргизилгенде, аталган режим учурунда мөөнөтү өтүп кеткен 16 жашка чейинки баланын жалпы жарандык паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча