Эми облус жетекчилери эл менен жылына эки ирет милдеттүү түрдө жолугушат
Мындан ары президенттин облустардагы өкүлдөрү жылына эки жолу калк менен жолугушуу өткөрүүгө милдеттендирилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул жолугушуулар жарандар менен түз байланыш түзүү жана жергиликтүү маселелерди ыкчам чечүү максатында киргизилүүдө. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Маалыматта өлкө башчысы апрель айында Ош облусуна болгон иш сапарынан кийин мындай чечимге келгени белгиленген. Жапаров эл менен жолугушууларда көтөрүлгөн маселелердин 80 пайызы райондук жана облустук деңгээлде чечиле турган болуп чыкканын айткан.
Эске салсак, азыркы тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер-жерлерде эл менен жолугууда. Президент Жапаров алардын көйгөйүн жеринде чечүүнү тапшырып, бул багытта ишти аксаткандар жазаланарын эскерткен.