Жарнама

Кара-Сууда 21 жаштагы келин асынып каза болду

25.05.26 | 22:38
Кара-Сууда 21 жаштагы келин асынып каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунун Кара-Суу районунда 21 жаштагы келин үйүндө асынып каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү саат түнкү он экилер чамасында Кара-Суу райондук милициясына Ош облусунун ооруканасынан 21 жаштагы А.А. аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келген.

Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя боюнча күбөлөр суралып, сөөккө сырттан кароо жүргүзүлгөн.

Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милициядан белгилешкендей, топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча