Жарнама

Россияга жүк ташыган айдоочулардын жүрүү мөөнөтү 180 күнгө чейин узартылды

28.05.26 | 13:13
Россияга жүк ташыган айдоочулардын жүрүү мөөнөтү 180 күнгө чейин узартылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Россия өкмөтүнүн токтомунун негизинде аталган өлкөгө кирген жана унаа ташыган КМШ жана грузиялык айдоочулардын өлкөдө болуу мөөнөтү 180 күнгө чейин узартылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.

Анын айтымында, ошол эле маалда аталган жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталынын ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта тапшырууга милдеттүү.

“Бул тартип 30-июндан тарта күчүнө кирет. Алар дагы ruID тиркемеси аркылуу катталууга тийиш”,-деди орун басар.

Россияга кирүү үчүн арыз бергенде паспорттун көчүрмөсүн жана эл аралык жүк ташуу менен алектенген айдоочу экенин тастыктаган документтерди кошо тапшыруу керек. Керектүү документтердин толук тизмеси расмий сайтта жарыяланган.

Белгилей кетсек, Россия 30-июндан тарта ruLD тиркемеси аркылуу катталууну милдеттүү кылып жатат. Мындан ары аталган өлкөгө иштөө жана окуу максатында бара жаткан жарандар аталган тиркемедеги анкетаны толтурууга тийиш болот. Ал App Store, Play Market, RuStore жана AppGallery платформаларында жеткиликтүү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча