Бишкекте быйыл 3 айда орточо айлык 60 миң сомду түздү
29.05.26 | 09:11
Бишкекте 2026-жылдын январь-март айларында орточо айлык акы айына 60,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттуу статистика комитети маалымдады.
Жылдык эсептөөдө номиналдык өсүү 19%ды түзсө, инфляцияны эске алганда көрсөткүч 8,1%га жогорулады.
Долларга карата эсептегенде орточо эмгек акы 690 долларды түзөт.
Эмгек акы чакан ишканаларды эске албагандагы жыйынтык менен көрсөтүлгөн.
Редактор
Редактор
Поделиться: