Жарнама

Аскердик уставдарды мамлекеттик тилдин талабына ылайык келтирүү сунушталууда

02.06.26 | 16:09
Аскердик уставдарды мамлекеттик тилдин талабына ылайык келтирүү сунушталууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн жалпы аскердик уставдарын жаңы редакцияда кабыл алуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Колдонуудагы уставдар 1998-жылы кабыл алынган. Учурда алардын айрым жоболору аскердик кызматты уюштуруунун заманбап талаптарына, колдонуудагы мыйзамдарга жана аскердик башкаруу практикасына толук жооп бербей калганы негиздеме маалым катта белгиленди.

Документте Ички кызмат уставын, Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставын, ошондой эле Тартип уставын жаңылоо каралган.

Жаңы редакцияны даярдоонун себептеринин бири катары уставдардын текстин мамлекеттик тилдин азыркы талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгы көрсөтүлгөн. Долбоордун авторлору колдонуудагы кыргызча редакция негизинен орус тилинен которулганын жана улуттук аскердик терминологияны толук эске албаганын белгилешет. Буга чейин Куралдуу күчтөрдө кыргыз тилиндеги аскердик терминдер, саптык командалар жана түшүнүктөр такталып, атайын сөздүктөр даярдалган. Ушуга байланыштуу жаңыланган терминологияны жаңы уставдарда бекитүү сунушталууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча