Жарнама

Чет жакка 19 миң тоннага жакын мөмө-жемиш экспорттолду

03.06.26 | 10:58
Чет жакка 19 миң тоннага жакын мөмө-жемиш экспорттолду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Быйыл беш айда чет жакка 19 миң тоннага жакын мөмө-жемиш экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматы боюнча, мөмө-жемиштин көбү же 10.7 миң тоннадан ашыгы Россияга сатылган. Дагы 7.37 миң тоннасы Казакстанга кеткен.  Ошондой эле Өзбекстанга 1.8 миң тоннадай, Тажикстанга 34.8 тонна жана Катарга 200 кг экспорттолгон.

Чет жака кеткен мөмө-жемиштин басымдуу бөлүгүн алма түзгөн: 8.3 мин тонна.

Эң көп экспорттолгон мөмө-жемиштер: 

Алма – 8 331.3 тонна
Кулпунай — 5 339,72 тонна
Гилас — 2 493,96 тонна
Өрүк — 825,7 тонна
Мандарин — 647,1 тонна
Алмурут — 542,7 тонна
Жүзүм — 250,3 тонна

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча