Чет жакка 19 миң тоннага жакын мөмө-жемиш экспорттолду
03.06.26 | 10:58
Быйыл беш айда чет жакка 19 миң тоннага жакын мөмө-жемиш экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, мөмө-жемиштин көбү же 10.7 миң тоннадан ашыгы Россияга сатылган. Дагы 7.37 миң тоннасы Казакстанга кеткен. Ошондой эле Өзбекстанга 1.8 миң тоннадай, Тажикстанга 34.8 тонна жана Катарга 200 кг экспорттолгон.
Чет жака кеткен мөмө-жемиштин басымдуу бөлүгүн алма түзгөн: 8.3 мин тонна.
Эң көп экспорттолгон мөмө-жемиштер:
Алма – 8 331.3 тонна
Кулпунай — 5 339,72 тонна
Гилас — 2 493,96 тонна
Өрүк — 825,7 тонна
Мандарин — 647,1 тонна
Алмурут — 542,7 тонна
Жүзүм — 250,3 тонна
Редактор
Редактор
Поделиться: