Жарнама

Парламент БШКнын жаңы курамын шайлады

03.06.26 | 12:39
Парламент БШКнын жаңы курамын шайлады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңеш 3-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган 8 талапкерди жактырды.

Катталган 80 депутаттын баары оң добуш беришти.

БШК жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык, мүчөлөрдүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылды. Төрт талапкерди президент сунуштайт, парламенттин квотасы менен 4 талапкер шайланат.

Мамлекет башчысынын талапкерлери:

- Алмаз Айбалаев

- Руслан Жакышов

- Миргүл Темирбаева

- Бөдөш Мамырова.

Парламенттин талапкерлери:

- Тынчтык Шайназаров («Эл үмүтү-Ата-Журт» депутаттык тобу)

- Сүйүнбек Касмамбетов («Ала-Тоо» жана «Ишеним»)

- Лейла Лурова («Ынтымак-Мекенчил»)

- Тимур Оторбаев («Элдик»).

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча