Парламент БШКнын жаңы курамын шайлады
03.06.26 | 12:39
Жогорку Кеңеш 3-июнда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган 8 талапкерди жактырды.
Катталган 80 депутаттын баары оң добуш беришти.
БШК жөнүндө жаңы мыйзамга ылайык, мүчөлөрдүн саны 12ден 8ге чейин кыскартылды. Төрт талапкерди президент сунуштайт, парламенттин квотасы менен 4 талапкер шайланат.
Мамлекет башчысынын талапкерлери:
- Алмаз Айбалаев
- Руслан Жакышов
- Миргүл Темирбаева
- Бөдөш Мамырова.
Парламенттин талапкерлери:
- Тынчтык Шайназаров («Эл үмүтү-Ата-Журт» депутаттык тобу)
- Сүйүнбек Касмамбетов («Ала-Тоо» жана «Ишеним»)
- Лейла Лурова («Ынтымак-Мекенчил»)
- Тимур Оторбаев («Элдик»).
Редактор
Редактор
Поделиться: