Жарнама

Нью-Делиде өрттөн каза болгон үч кыргызстандык жаран боор алмаштырууга барган

04.06.26 | 08:51
Нью-Делиде өрттөн каза болгон үч кыргызстандык жаран боор алмаштырууга барган КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

3-июнда Индиянын борбору Нью-Дели шаарындагы мейманканалардын биринде чыккан өрттөн 21 адам каза болду. Өлгөндөрдүн үчөө Кыргызстандын жарандары экени айтылды.

"Нью-Дели шаарынын Малвия Нагар районунда жайгашкан Florist Inn мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен 21 адам, алардын арасында Кыргыз Республикасынын үч жараны 1976-жылы туулган Х.Н., 2003-жылы туулган Х.Т. жана 1950-жылы туулган К.М. каза болду" деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимовдун Би-Би-Сиге айтканына караганда, бул жарандар боор алмаштырып, жакынкы күндөрү Кыргызстанга кетүүгө камынып жатышкан:

"Алардын бири - донор, бири – оорукчан адам, дагы бири, эң улуусу - аларды карап жүргөн. Алар Max деген госпиталда дарыланып чыгып, ушул мейманканада жашап, базар күндөрү кете турган болуп жатышкан. Ал жерде газ баллон жарылган деп полиция алдын ала айтып жатат. Азыркы учурда полиция өлгөндөрдү өлүкканага алып барып, эмне себептен өлдү деп, себептерин аныктоо боюнча экспертиза жүргүзүп, иликтеп жатат. Биз маркумдардын таякесин таап, байланыштык. Тышкы иштер министрлигинин түштүктө бөлүмү бар. Алар да азыр башка туугандарын такташат".

Аскар Бешимов маркумдардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча