Жарнама

Унааны мыйзамдаштырып алууга кошумча убакыт берилди

04.06.26 | 09:52
Унааны мыйзамдаштырып алууга кошумча убакыт берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Чет өлкөнүн номуруна катталган транспорт каражаттарын мыйзамдаштырууга кошумча убакыт берилди. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.

Тактап айтканда Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк номуру бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу процессин аяктоо, алардын укуктук статусун жөнгө салуу, легалдаштыруу үчүн кошумча мүмкүндүк берүү, ошондой эле мыйзамсыз эксплуатациялоону алдын алуу жана бул маселени биротоло чечүү максатында токтом кылынат:

1. Легалдаштыруу жол-жобосунан өтпөгөн (анын ичинде унаа токтотуу жайларында турган) чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарынын ээлерине (айдоочуларына) 1-сентябрга чейин төмөнкүлөргө укук берилсин:

1) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте легалдаштыруунун кошумча (акыркы) жол-жобосунан өтүүгө;

2) транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынан ташып кетүүнү жүзөгө ашырууга;

3) транспорт каражаттарынын тетиктерин бөлүп сатууга;

4) Министрлер Кабинети белгилеген тартипте транспорт каражаттарын утилдештирүүнү жүзөгө ашырууга.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча