Жарнама

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал менен аскердик аракеттер учурунда байланыш өчүрүлүшү мүмкүн

04.06.26 | 11:56
Кыргызстанда өзгөчө кырдаал менен аскердик аракеттер учурунда байланыш өчүрүлүшү мүмкүн КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өзгөчө кырдаал же согуштук аракеттер болгон учурда мамлекет байланышты чектеши же өчүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында, Санариптик кодекске байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Депутат Кубанычбек Самаков калктуу конуштарда байланыш жок болсо, жарандар жана аскер кызматкерлери кантип эвакуацияланарын сурады. УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мындай учурлар үчүн өлкөдө атайын чара көрүү механизмдери бар экенин айтты.

Ар бир райондо жана айыл өкмөттө мобилизациялык даярдык системасы каралган, ошондой эле облустук жана республикалык ыкчам штабдар иштейт.

Анын айтымында, мурда жарандардын маалыматтары сыртка чыгып, аскер кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тууралуу маалыматтын интернетке тарашы коопсуздукка коркунуч жаратып келген. Ошондуктан мындай учурларда атайын жабык байланыш каналдары жана өз ара аракеттенүү системалары колдонулат. Аларга жетүү ыйгарым укуктуу органдардын уруксаты менен гана мүмкүн.

Эвакуациялана албай калган же кызматтар менен байланыша албаган адамдарга кантип жардам көрсөтүлөрү тууралуу суроого Эрбаев атайын жол-жоболор каралганын, бирок мамлекеттик сыр болгондуктан анын чоо-жайы айтылбай турганын билдирди. Ал ошондой эле ар бир министрлик жана ведомство өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча өзүнүн механизмдерине ээ экенин белгиледи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча