Жарнама

Сауна, мончо жана коомдук тамактануу жайларынын бирдиктүү салыгы төмөндөйт

12.06.26 | 17:23
Сауна, мончо жана коомдук тамактануу жайларынын бирдиктүү салыгы төмөндөйт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн, ошондой эле коомдук тамактануу тармагында иш жүргүзгөн субъекттер үчүн бирдиктүү салык төмөндөтүлөт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Тактап айтканда:

– сауна жана мончо кызматтарын көрсөткөн субъекттер үчүн — 8 пайыздан 5 пайызга чейин;

– коомдук тамактануу тармагындагы субъекттер үчүн — Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз, ал эми республиканын калган аймактарында 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Ошондой эле аталган документ менен алдын ала төлөмдөр боюнча салык төлөө талабы турак жай жана турак жай эмес жайларды алгачкы жолу сатуу менен алектенген ишкердик субъекттерине гана колдонулат. Мындай субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн түрүнө карабастан 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

«Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Аталган долбоор бизнестин ачыктыгынын жогорулашын, көрсөтүлгөн кирешелердин жана салык салынуучу базанын өсүшүн көрсөткөн», - Салык кызматы.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча