Жарнама

Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө учурунда суучул каза болду

27.06.26 | 11:58
Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөө учурунда суучул каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

Облус башчысы өз билдирүүсүндө жалпы мекендештерге жана Талас облусунун тургундарына кайрылуу жасаган.

"Урматтуу мекендештер жана Талас облусунун тургундары! Сиздерге кайрылам, Талас дарыясына чөгүп кеткен Байел инибиздин сөөгүн издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир суучулун жоготуп алдык. Каза болгон суучулубуздун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Талас облусунда белгиленген бардык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды", - деп жазды Эрмат Жумаев.

Эскерте кетсек, 4 күндөн бери Талас дарыясына агып кеткен 15 жаштагы бала изделип жаткан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча