Сүйүнчү! Жалал-Абадда үч эм төрөлдү
16.07.26 | 16:25
Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө Сузак районунун тургуну Жаркынай Алмаматова үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу облустук клиникалык ооруканасынан маалымдашты.
Ал 2 кыз 1 уулду жарыкка алып келген. Анын буга чейин да 2 кыз 1 уулу болгон. Учурда эне менен ымыркайлардын абалы канааттандырарлык.
Белгиленгендей, 2026-жыл башынан бери Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө катталган экинчи үч эм.
Редактор
Редактор
Поделиться: