Кыргызстанда браконьерлер эми жети жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн
Кыргызстанда браконьерлик үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, айрым учурларда жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, эгер мыйзамсыз аңчылык же балык уулоо олуттуу зыян келтирсе, браконьерге 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ал эми транспорт, кайык, авиация, жардыргыч заттар, химиялык каражаттар, электр тогу, синтетикалык торлор жана жаныбарларды массалык түрдө жок кылууга мүмкүндүк берген башка ыкмалар колдонулса, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.
Төмөнкү учурларда жаза жети жылга чейин күчөтүлөт:
коруктарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында браконьерлик кылса;
сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучундагы жаныбарларды мыйзамсыз жок кылса;
кызматтык абалынан пайдаланып мыйзам бузса;
өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирсе же этиятсыздыктан оор кесепеттерге алып келсе.
Белгилей кетсек, 10 миң сомдон жогору зыян олуттуу, 100 миң сомдон жогору зыян ири, ал эми 1 миллион сомдон жогору зыян өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян деп эсептелет.