Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолукту
Бүгүн, 7-августта Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул туурасында Президенттин администрациясы маалымдады.
Жолугушууга КР Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары иш-чараларга катышкан Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Мамлекет башчысы саламдашуу сөзүндө Кыргызстан ЕАЭБди тең укуктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтча катары карай турганын белгиледи.
Президент өлкөнүн мындан ары да Биримдиктин ишмердүүлүгүнө активдүү катышууга даяр экенин ырастады.
Садыр Жапаров кийинки Евразия экономикалык форуму 2027-жылы Кыргызстанда өлкөнүн ЕАЭБ органдарына төрагалык кылуусунун алкагында өтөрүн белгиледи. Президент ошондой эле форумга өнөктөш мамлекеттерди жана эл аралык уюмдарды тартуу аркылуу анын катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүүнү сунуштады.
Өлкө башчысы өнөр жай жана агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен кооперациялык долбоорлорду активдештирүүнүн, ошондой эле Биримдикке мүчө бардык мамлекеттер үчүн колдоо жана каржылоо механизмдерине тең укуктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоонун зарылдыгына көңүл бурду.