Жарнама

Кыргызстан 2030-жылы тышкы карыз үчүн ири сумма төлөйт

28.08.26 | 09:50
Кыргызстан 2030-жылы тышкы карыз үчүн ири сумма төлөйт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Каржы министрлигинин 2026-жылдын 31-июлуна карата маалыматы боюнча, 2030-жылы Кыргызстан тышкы карызды төлөөнүн эң жогорку чегине жетет — 1,1 миллиард доллар (1,03 млрд доллар — негизги карыз, 66,7 млн доллар — пайыздар). Бул кескин секирик 2025-жылдын май айында 7,75% жылдык үстөк менен чыгарылган 700 млн долларлык 5 жылдык еврооблигацияларды төлөөгө байланыштуу.

Тышкы карызды төлөө графиги:

  • 2027-жыл: ~506 млн доллар
  • 2028-жыл: ~457 млн доллар
  • 2029-жыл: ~462 млн доллар
  • 2030-жыл (эң жогорку чек): ~1,1 млрд доллар
  • 2031-жыл: ~372 млн доллар

2027-2031-жылдар аралыгында өлкө буга чейинки тышкы карызын төлөөгө болжол менен 2,9 млрд доллар жумшайт.

Учурдагы милдеттенмелерди төлөө 2075-жылга чейин каралган (акыркы жылы болжол менен 860 миң доллар төлөнөт). Бул график буга чейин алынган насыяларды гана камтыйт жана мүмкүн болгон жаңы насыяларды камтыбайт.

Маалымат үчүн

2026-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 10,16 млрд доллар (888,2 млрд сом).

Тышкы карыз: 5,19 млрд доллар (454,19 млрд сом)

Ички карыз: 4,96 млрд доллар (434,01 млрд сом)

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча