Жарнама

Бир катар аткаминерлер наам алды

30.10.26 | 11:09
Бир катар аткаминерлер наам алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Эмгек баатыры”, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев I даражадагы “Манас” ордени менен, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты.

Жарлыкта сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн берилгени айтылат.

Мындан тышкары бир катар адамдарга “Даңк” ордени, “Ардак” медалы берилген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча