Соцфонддун кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр белгиленди
Министрлер кабинети Социалдык фонддун кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өзгөрттү. Тиешелүү токтомго Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Ведомстволук бөлүмдөрдүн жана аймактык органдардын кызматкерлери үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн 5 миң сом каралган.
Документке ылайык, компенсациялык төлөмдөр иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн жана бир штаттык бирдиктен ашык эмес жүргүзүлөт. Алар өргүү акысын, ден соолукту чыңдоо жөлөк пулдарын, 13-айлык акыны, ошондой эле бийик тоолуу жана барууга кыйын болгон зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк акыларды эсептөөдө эске алынбайт.
Ошондой эле жогорку квалификация, иштин татаалдыгы жана сапаты, анын жыйынтыктары, кесиптик демилге жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянанын 50%ына чейин үстөк акылар каралган. Техникалык жана тейлөөчү персонал үчүн мындай үстөк акы дагы иш жүзүндө иштеген убакытты эске алуу менен кызматтык маянанын 50%ына чейинки өлчөмдө белгиленет.
Документ менен бийик тоолуу жана барууга кыйын райондордо иштөө жана жашоо үчүн үстөк акыларды төлөө шарттары да такталды.
Соцфондго өзүнүн ченемдик актыларын токтомго шайкеш келтирүү тапшырылды.