Жарнама

Акыркы жылдары автоунаа жолдорун салууга 60 млрд сом бөлүндү

30.10.26 | 11:36
Акыркы жылдары автоунаа жолдорун салууга 60 млрд сом бөлүндү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Акыркы жылдары Кыргызстанда автоунаа жолдорун салууга 60 млрд сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына уюштурулган иш-чарада айтты.

Ал мурда жол тармагына жылына болжол менен 2 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келгенин билдирди. Расмий маалымат боюнча, бул тармакка 2010-2020-жылдар аралыгында 648 техника алынган болсо, 2022–2026-жылдары 1 344 жаңы техника сатып алынган.

Адылбек Касымалиев 2025-жылы 1 545 чакырым жол асфальтталса, 2026-жылы 1 700 чакырымдан ашарын билдирди.

30-октябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өткөн иш-чарада Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы сатып алынган элүүдөн ашык атайын техниканын ачкычы тапшырылды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча