Жарнама

Жаңы "Ош" базарынын негизги курулушу аяктады

30.10.26 | 12:11
Жаңы "Ош" базарынын негизги курулушу аяктады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги жаңы "Ош" базарынын негизги курулуш иштери аяктады.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда базарга баруучу жолду куруу, инженердик тармактарды орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Күн мурун башкамалыктын башчысы Каныбек Туманбаев жаңы базарга барып, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Ал калган иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Жаңы "Ош" базарын 2027-жылдын жаз айларында ачуу пландалууда. Ал сырткы инфраструктуралык иштер толук бүткөндөн кийин пайдаланууга берилет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча