Кыргызстандын жаштары чет өлкөдөн банк карталарын ачып, 10–20 миң сомго сатышкан
Бишкек милициясынын кызматкерлери жаш кыргызстандыктар коңшу мамлекетке барып, ал жакта банк карталарын ачып, андан соң Кыргызстанга кайтып келип, аларды 10 миңден 20 миң сомго чейинки сый акы үчүн үчүнчү тараптарга өткөрүп берип жүргөн схеманы аныкташты. Иликтөөнүн алкагында кылмыштуу топ кармалды.
Бул тууралуу «АКИpress» редакциясына берген маегинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкы башкармалыгынын № 5 шаардык милиция бөлүмүнүн Киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү билдирди.
Материал кыргыз милициясынын 102 жылдыгынын алкагында даярдалды.
Анын айтымында, учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Милиция кызматкери кылмыштын бул түрү «дропперлик» деп аталарын жана мындай схемаларга көбүнчө 16 жаштан 20 жашка чейинки жаштар, анын ичинде студенттер тартыларын белгиледи.
«Азыр жаңыдан иштей баштаган жаш студенттер, кыздар жана жигиттер «дроппер» болуп жатышат. Алар өздөрүнүн банк карталарын, банктык тиркемелерин жана SIM-карталарын үчүнчү тараптарга өткөрүп берип, бул үчүн 3 миңден 5 миң сомго чейин алышат.
Бизде бир банк картасы аркылуу 1 млндон 3–4 млн сомго чейин чыгарып кетишкен учурлар болгон. Ошондой эле бир карта аркылуу 13 млн сом чыгарылып кеткен кырдаал да катталган», - деп билдирди ыкчам өкүл.
Ыкчам кызматкер банк карталары жана тиркемелерге кирүү мүмкүнчүлүктөрү Telegram жана WhatsApp аркылуу да сатыларын белгиледи. Кийинчерээк кылмышкерлер алынган карталарды алдамчылык операцияларды жүргүзүү жана акча каражаттарын чыгарып кетүү үчүн колдонушат.
Милиционер жарандарды сергек болууга жана жеке маалыматтарын башкаларга өткөрбөөгө чакырды.