Жарнама

Соцтармакта унаа, батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилиги киргизилиши мүмкүн

30.10.26 | 13:27
Соцтармакта унаа, батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилиги киргизилиши мүмкүн КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Социалдык тармактар аркылуу уруксатсыз унаа жана батир ойноткондорго кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Финкөзөмөл кызматынын башчысы Кайрат Маматов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда мындай аракеттер үчүн административдик жаза каралган. Эми жазаны күчөтүп, мыйзам бузгандардын мүлкүн конфискациялоо чарасын киргизүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда жактырылды. Аны ноябрь же декабрь айынын аягына чейин кабыл алуу күтүлүүдө.

Маматов белгилегендей, бир нече аккаунтка катталганы үчүн унаа же башка баалуу белектерди утуп алууну убадалаган гив-оюндары да мыйзамсыз деп эсептелет.

Мыйзам боюнча лотереяларды мамлекеттик органдар, Мамлекеттик лотерея компаниясы жана Финкөзөмөлдүн уруксатын алган ишкерлер гана өткөрө алышат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча