Жарнама

Оштун мэри жылуулукту эрте берүүнү тапшырды

30.10.26 | 13:45
Оштун мэри жылуулукту эрте берүүнү тапшырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 30-октябрь Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жетекчилер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, чогулушта жылуулукту берүү маселесин көтөрүп тиешелүү жетекчилерге кайрылган мэр элдин ыңгайлуулугу жана балдардын саламаттыгы биринчи орунда турушу зарыл экендигин белгиледи.

"Аба ырайынын температурасына гана карап, жылуулукту кеч берүү жарандар үчүн бир топ ыңгайсыздык жаратууда. Айрыкча жаш балдары бар үй-бүлөлөр үчүн суук үйдө жашоо оорчулук жаратат. Жылуулук берүүдө белгиленген күндү же температуранын өзгөрүшүн гана күтпөстөн, жарандардын реалдуу муктаждыгын да эске алуу зарыл. Анткени үйдүн ичи муздап, балдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн, жылуулукту эртелеткиле", - деп тапшырма берди.


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча