Жарнама

Калкты алдап, 5 млрд. сом чогулткан пирамидалар аныкталды

30.10.26 | 14:40
Калкты алдап, 5 млрд. сом чогулткан пирамидалар аныкталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда автоунаа прокаты жана жеке клиникалардын атын жамынган каржы пирамидалары калктан беш миллиард сомдон ашык акча чогулткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда Улуттук банк менен Финкөзөмөлдүн өкүлдөрү билдирди.

Тиешелүү материалдар ИИМге өткөрүп берилгени кабарланды. Алдамчылар жылдык пайданы 40 пайызга чейин аласыңар деп убада кылып келишкен.

"Жылдык кирешеси 20 пайыздан жогору болсо, бул күмөн жаратат. Ошондой эле бир жерге акча салуудан мурда лицензиясын караш керек. Элден акча кабыл алып, иштетүүгө өлкөдө 26 банк жана үч гана микрофинансылык компаниянын укугу бар", — дешти адистер.

Ошондой эле алдамчылар каражатты чет өлкөгө чыгаруу үчүн 18–21 жаштагы балдар-кыздардын банк карталарын колдонуп жатканы айтылды. Муну менен катар коркунуч күчөп, кылмышкерлер жасалма интеллект аркылуу тууган-туушкан, жакындардын үнүн жана кебетесин көчүрүп акча сураган учурлар катталууда. Андыктан банк карталарын жана жеке маалыматтарды эч кимге бербей, шектүү билдирүүлөр келсе кайра чалып тактоо кажет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча