Жарнама

Бишкектеги чыгыш айланма жолду 2027-жылдын май айында ачуу пландалууда

30.10.26 | 16:48
Бишкектеги чыгыш айланма жолду 2027-жылдын май айында ачуу пландалууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкектеги чыгыш айланма жолду 2027-жылдын май айында пайдаланууга берүүнү пландап жатышат. Бул тууралуу 30-октябрда «Тез Жол» компаниясынын жетекчиси Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында 2025-жылдын декабрында башталган. Жолдун узундугу 16,5 чакырым болот, инвестициянын көлөмү — болжол менен 81,6 млн доллар.

Учурда инженердик курулмалар 80%га, жер казуу иштери 50%га аяктаган. 2026-жылдын декабрь айынын аягына чейин бардык жер казуу иштерин аягына чыгаруу, ал эми 2027-жылдын башында асфальт-бетон иштерин бүтүрүү пландалууда.

Долбоордо көпүрөлөрдү жана транспорттук түйүндү кошкондо, 26 ири инженердик курулма салуу каралган. Жол төрт тилкелүү болот жана Бишкектин үч негизги көчөсүн: Шабдан баатыр, Ахунбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүн кесип өтөт.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров жол шаардын түштүк бөлүгүндөгү тургундар үчүн альтернативдүү чыгуу жолун камсыз кылууга жана Ысык-Көл багытындагы кыймылды жеңилдетүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Жол инвесторго 30 жылга берилет, аны акы төлөнүүчү кылуу сунушталууда: болжол менен 1,5 жыл курулушка бөлүнөт, калган 28,5 жыл — пайдаланууга жана тейлөөгө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча