Жарнама

Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укугун коргоо күчөтүлөт

30.10.26 | 17:10
Майыптыгы бар аялдар менен кыздардын укугун коргоо күчөтүлөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды зомбулуктун бардык түрлөрүнөн коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 30-октябрда өткөн улуттук консультациялык жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Министрдин орун басары Мирланбек Бойгончоков бул багыттагы мыйзамдарды өркүндөтүү, коргоо механизмдерин күчөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын катышуучулары мыйзам долбоорунун негизги жоболорун карап чыгып, сунуштарын беришти. Анын жыйынтыгында мыйзам долбоорун мындан ары өркүндөтүү жана майыптыгы бар аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоонун укуктук механизмдерин күчөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча