Жарнама

Чаткалдын акими менен милиция башчысы камакка алынды

16.11.26 | 09:57
Чаткалдын акими менен милиция башчысы камакка алынды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ички иштер министрлиги коррупция беренеси боюнча Чаткал районунун акими жана Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы кармалганын жарыялады.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып адамдардын тобу алдын ала сүйлөшүп алып, айрым кызмат адамдарынын калкалоосу астында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Куру-Тегерек тилкесинде чачыранды алтынды мыйзамсыз казып алууну уюштурганы аныкталган.

Аталган иштерди жүргүзүү үчүн фронталдык жүктөгүч, насостук жана алтынды жууп-тазалоочу жабдуулар колдонулган. Ошол эле учурда жер казынасын пайдаланууга лицензиясы жана тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок туруп, алтын казылып, жуулуп алынган.

Кийин мыйзамсыз казылган алтындар мыйзамда белгиленген тартипти кыйгап өтүү менен сатылып турган. Аны сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акчанын мыйзамсыз келип чыгышын жашыруу жана аларга ээлик кылуу менен тескөөгө мыйзамдуу көрүнүш берүү максатында ар кандай аракеттер көрүлгөн.

Мындан тышкары, алынган акчанын бир бөлүгү мыйзамсыз ишмердүүлүктү калкалоо үчүн район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына которулуп турган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында төмөнкү жарандар кармалды: Чаткал районунун акими 1975-жылы туулган С.А.; Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы 1972-жылы туулган Т.Т.; 1988-жылы туулган Э.А. жана 1979-жылы туулган Ж.З..

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча