Жарнама

Колундагы баласына карабай жубайына зомбулук көрсөтүүгө шектүү кармалды

16.11.26 | 10:03
Колундагы баласына карабай жубайына зомбулук көрсөтүүгө шектүү кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Социалдык тармактарда жарандын бала көтөргөн жубайын күч менен унаага салып, жулмалап жатканы тартылган видео боюнча Бишкек шаардык милициясы чара көрдү.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, окуя кечээ, 15-ноябрда саат 20:00 чамасында Новопавловка айылындагы Семиз-Көл көчөсүндө болгон. Окуянын жагдайларын тактоо максатында 24 жаштагы жаран жана анын 22 жаштагы жубайы Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Аялы берген арыздын негизинде 24 жаштагы жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча