Жарнама

Садыр Жапаров 1-январдан тарта целлофан баштыкка тыюу салынарын эске салды

16.11.26 | 11:08
Садыр Жапаров 1-январдан тарта целлофан баштыкка тыюу салынарын эске салды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2 айдан кийин бүткүл Кыргызстан боюнча целлофан баштык колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда Бөкөнбаев айылынан Эдил аттуу жеке ишкер кайрылып, 2023-жылдагы экологияны коргоо боюнча жарлыктан кийин крафттан жасалган баштык, башкача айтканда кагаз баштык чыгаруучу ишкана ачканын айтты.

«2 ай болду. Багытыбыз Ысык-Көл облусу болгон, таратып, дүкөндөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок мамлекет тарабынан колдоо болбосо... 1-2-жылы баары өтүптүр, бирок Көчмөндөр оюндары болуп алаксып кетиштиби, кайра эле целлофанга өтүп кетишти», - деди ишкер.

Президент 1-январдан тарта бүт республика боюнча целлофан баштыкка тыюу салынарын айтты.

«Чүй, Ысык-Көл облустарына, керек болсо Ош, Жалал-Абад, бардык жерде ачкыла», - деди мамлекет башчысы.

Ал ишкерге жардам көрсөтүүнү убадалап, аны жеке кабыл аларын айтты.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча