Жарнама

Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда

16.11.26 | 11:56
Ош шаарында заманбап асма жол куруу пландалууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарынын туристтик дараметин жогорулатуу, эс алуучулардын агымын көбөйтүү жана туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эки заманбап асма жол куруу пландалууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Асма жолдорду куруу боюнча австриялык Doppelmayr, франциялык Ammandy же кытайлык курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жекшемби күнү, 15-ноябрда шаар бийлиги компаниялардын өкүлдөрү менен асма жолдор салына турган жерлерди көрүп келишкен.

Алдын ала сунушка ылайык, асма жолдордун бири шаардын Түштүк-Чыгыш кичи району тарабынан Ак-Буураны бойлой Навои атындагы сейил бакка чейин тартылса, экинчиси Керме-Тоо тоосунан башталган багытта курулушу күтүлүүдө.

Бардык даярдык жана макулдашуу иштери аяктаган соң, курулуш иштерин келерки жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. 

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча