Жарнама

Дарыгер түнкү коркунучтуу түштөрдү пайда кылган азыктарды атады

16.11.26 | 12:05
Дарыгер түнкү коркунучтуу түштөрдү пайда кылган азыктарды атады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Уктаар алдында жеген айрым көнүмүш азыктар түн тынчтыгын бузуп, коркунучтуу түштөрдүн пайда болушуна себепкер боло алат. Бул тууралуу NEWS.ru басылмасына Москов облусунун Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Видное клиникалык ооруканасынын терапевт дарыгери Яна Шмелева айтып берди.

Анын айтымында, мындай азыктардын катарына майлуу сыр түрлөрү, таттуулар (печенье, токочтор, шоколад), ошондой эле какао кирет. «Кара тизмеге» макарон жана нан да илинди. Кандай гана ачуу тамак болсун, аны уктаарга алты саат калгандан кечиктирбей жеш керек: ал дененин температурасын өзгөртүп, бул өз кезегинде түштүн көрүнүшүнө таасир этет. Кечки тамакты газдалган суу менен ичүү да анча жакшы идея эмес: анын курамында кант жана көбүнчө кофеин бар. Кечкисин чипсы да жебеген оң.

Углеводдор жарым-жартылай глюкозага айланат, ошондуктан аларды күндүн биринчи жарымында жеген жакшы. Эгер кечинде табит ачылса, дарыгер канттын курамы аз, калориясы төмөн йогуртту тандоону сунуштайт. Чипсинин ордуна сабиз же бир ууч жаңгак жеп жеңил тамактанып алса болот.

Тынчы жок уйку чарчоого жана иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө гана коркунуч туудурбастан, жагымсыз түштөр уйку циклин бузуп, кортизолдун деңгээлин жогорулатат, бул болсо салмак кошууга түрткү бериши мүмкүн, деп жыйынтыктады Шмелева.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча