Саламаттык сактоо министрлигине 73 тез жардам унаасы тапшырылды
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине 73 тез жардам унаасын тапшыруу аземине катышты.
Минкаб башчысынын айтымында, учурда өлкөнүн ИДПсы 10% деңгээлинде туруктуу өсүүдө. Эгерде 2021-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 209,9 млрд сомду түзсө, 2026-жылы ал 700 млрд сомдон ашат. Анын ичинде саламаттык сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы 26 млрд сомдон 2026-жылы 73,1 млрд сомго чейин көбөйдү.
«Мындай мамлекеттик колдоо медициналык инфраструктураны модернизациялоого, жабдууларды жаңыртууга жана медициналык кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Бүгүн биз аймактарга В классындагы 73 жаңы тез жардам унаасын өткөрүп берип жатабыз. Буга чейин да 100 кызматтык «Chevrolet Tracker» унаасы берилген.
Заманбап медицинада «алтын саат» түшүнүгү өзгөчө мааниге ээ: оор абалдагы бейтапка жардам канчалык эрте көрсөтүлсө, анын өмүрүн сактап калуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Ошондуктан тез жардам унаасы жөн гана транспорт каражаты эмес, ал ооруканага чейинки этапта медициналык жардам көрсөтүү тутумунун мобилдүү звеносу болуп саналат. Жаңы унаалар жасалма дем алдыруучу аппараттар, портативдик электрокардиографтар, кычкылтек берүү тутумдары жана башка керектүү жабдуулар менен жабдылган. Алар чоңдорго, балдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүгө арналган. Биз үчүн мындай мүмкүнчүлүктөр борбордо гана эмес, алыскы айылдарда жана тоолуу райондордо да жеткиликтүү болушу принципиалдуу маанилүү», — деди Адылбек Касымалиев.
Аталган унаалар Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу» программасынын алкагында сатып алынган. Сатып алуунун жалпы баасы 313 млн сомдон ашат.