Улуттук банк «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын чыгарды
Улуттук банк бүгүн, 16-ноябрдан тартып «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды.
Маалыматка ылайык, монета Кыргызстандын уникалдуу жаратылышын жана корукка алынган аймактарын даңазалоо, ошондой эле өрүктүн өзгөчө сортторун өстүрүүнүн көп кылымдык салтын чагылдыруу максатында чыгарылган.
Монетанын алдыңкы бетинде гүлдөп турган өрүк бутагы жана «Өрүкзар» деген жазуу түшүрүлгөн. Ал эми арткы бетинде бышкан өрүктүн мөмөлүү бутагы жана «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу жайгаштырылган.
Номиналы 10 сом болгон бул монета 8 миң 220 сомдон сатылат. Ал 925 үлгүсүндөгү күмүштөн жасалып, салмагы 28.28 граммды түзөт. Монета 1 миң нускада чыгарылган.
Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен атайын кутучада берилет.
Белгилей кетсек, «Өрүкзар» монетасы Кыргызстандын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналат.