Жарнама

Бишкекте мас айдоочу жеке мектептин күзөт бөлмөсүн сүздү

16.11.26 | 13:09
Бишкекте мас айдоочу жеке мектептин күзөт бөлмөсүн сүздү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кечээ, 15-ноябрда таңкы саат 05:00 чамасында Бишкекте мас абалындагы айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Т.Б. аттуу айдоочу Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу чыгышты көздөй бара жатып, Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерден рулду башкара албай калган. Натыйжада "Билимкана" жеке мектебинин күзөт бөлмөсүн жана тосмосун сүзгөн.

"Жол кырсыгынын кесепетинен материалдык зыян келтирилген. Жабыркагандар жок",- деп кошумчаланды маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча